Ирандан Кыргызстандын 42 жараны эвакуацияланды
- 1 год мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Иранда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларына байланыштуу кошумча эвакуациялоо иш-чаралары уюштурулганын билдирди.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоо максатында «Багжиран» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Түркмөнстанга 4 жаран, ошондой эле «Астара» көзөмөл — өткөрүү пункту аркылуу Азербайжанга 38 жаран ийгиликтүү эвакуацияланды.
Учурда эвакуацияланган жарандардын баары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишкен.
Министрлик Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен тыгыз байланышта болуп, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар менен ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алардын Кыргызстанга коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин улантып жатканын кошумчалады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотуу келишимине келгенин Truth Social баракчасы аркылуу билдирди.
Израил да ок атышууну токтотууга макул экенин билдирди. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаниягунун кеңсеси маалымат таратты.
13-июнда Израил Иранга сокку уруп, ядролук оъекттерин мелжеген. Ага Иран сокку менен жооп кайтарган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штатттары Ирандын үч ядролук объектине -Фордо, Натанзе жана Исфаханга сокку урганын жарыя кылган.
Сүрөт: Иран. Интернет булактарынан




