Иранда Махса Амини жөнүндө жазганы үчүн соттолгон эки журналист абактан чыкты

  • 4 месяца мурун

Иранда Махса Аминин өлүмүнөн кийинки нааразылык акцияларын чагылдырганы үчүн узак мөөнөткө эркинен ажыратылган эки журналист апелляциялык сотко чейин абактан бошотулду. Бул тууралуу «Фарда» радиосу билдирди.

14-январда журналисттер Тегерандагы аялдар түрмөсүнөн чыгып кетишти. Иран бийлиги алар күрөө менен «убактылуу» бошотулганын, аларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди.

31 жаштагы Нилуфар Хамеди жана 36 жаштагы Элахе Мохаммади былтыр октябрда 13 жана 12 жылга эркинен ажыратылган. Алар «улуттук коопсуздукка каршы аракеттер жана кастыкты козутуу», ошондой эле «америкалык душман өкмөт менен кызматташуу» үчүн айыпталган. Алар коюлган күнөөлөрдү четке кагышкан. Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттерди бошотуу үчүн ар түрдүү кампанияларды уюштурушкан.

«Хамеди менен Мохаммадинин соту – бул сөз эркиндигине кол салуунун, ошондой эле Иран бийлигинин журналистиканы криминалдаштыруу аракетинин ынанымдуу далили» деген Журналисттерди коргоо комитетинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын координатору Шериф Мансур.

2022-жылы сентябрда Иранда 22 жаштагы студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Анын өлүмүнөн кийин Иранда бир нече айга созулган массалык толкундоолор болгон. Кыз-келиндер хижабдарын чечип өрттөшкөн. Укук коргоочулардын маалыматында толкундоолор учурунда 500дөй киши өлүп, 20 миңдей адам кармалган. Кеминде жети киши өлүм жазасына тартылган.

Нилуфар Хамеди Амини ооруканада эс-учун билбей жатканда аны ата-энеси кучактап турган сүрөтүн тартып алгандан кийин камалган. Элахе Мохамади болсо Амининин сөөгү ал туулуп-өскөн Секкез шаарында жерге берилгени тууралуу жазгандан кийин көп өтпөй кармалган.

Сүрөт: Соцтармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты