Иранда Махса Амини тууралуу жазган эки журналист cоттолду

  • 6 месяцев мурун

Иранда былтыр хиджаб кийүү эрежесин бузган деген айып менен кармалып, көп өтпөй жабык жайда көз жумган Махса Амини тууралуу жазган эки журналист аял соттолду.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиришинче, 22-октябрдагы соттун өкүмүнө ылайык, 31 жаштагы Нилуфар Хамеди жети жылга кесилди. Ал эми 36 жаштагы Элахех Мохаммади «душман Америка өкмөтү менен кызматташкан» деген айып менен алты жылга эркинен ажыратылды.

Сот кабарчыларды андан сырткары «улуттук коопсуздукка жана бийликке каршы үгүт жүргүзүү аракеттерине байланыштуу дагы күнөөлүү» деп тапты. Айыпталуучулардын адвокаты алар күнөөсүн мойнуна албаганын, доо арыз жазууга 20 күн бар экенин билдиришти.

Амини былтыр сентябрда көз жумгандан кийин Иранда ири нааразылык акциялары тутанган. Митинг, демонстрацияларда “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” деген ураандар жаңырган.


Нилуфар Хамеди Амини ооруканада эс-учун билбей жатканда аны ата-энеси кучактап турган сүрөтүн тартып алгандан кийин камалган. Элахех Мохамади болсо Амининин сөөгү ал туулуп-өскөн Секкез шаарында жерге берилгени тууралуу жазгандан кийин көп өтпөй кармалган.

«Хамеди менен Мохаммадинин соту — бул сөз эркиндигинин чектелишинин ишенимдүү далили, ошондой эле иран бийлигинин журналистиканы криминалдаштырууга болгон аргасыз аракети»,-деди Журналисттерди коргоо комитетинин Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча программасынын координатору Шериф Мансур.

Өткөн аптада Европа Биримдигинин быйылкы Сахаров сыйлыгы Махса Аминиге жана “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылына ыйгарылган. Кыймылдын түптөөчүсү, ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммади быйыл Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган. Активист 31 жылга кесилип, ушу тапта Тегерандагы Эвин түрмөсүндө отурат.

Сүрөттө: Элахех Мохаммади (солдо) жана Нилуфар Хамеди. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты