CNN: Тегеранда хиджаб кийбегени үчүн кармалган кыз комага түштү

  • 6 месяцев мурун

16 жаштагы Тегерандын тургуну Армита Гераванд хиджаб кийбегени үчүн кармалгандан кийин комага түштү. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, дарыгерлер Геравандга «мээси өлгөн» деген диагноз коюшкан, бирок жакындары бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып жатышат.

Ирандык укук коргоочулар кыз октябрдын башында метродо кармалганын билдирүүдө. Полиция кызматкерлеринин аракетинен улам Гераванд оор жаракат алып, комага түшкөн. Жакындары ооруканага киргизилген эмес.

Ирандын бийлиги зордук-зомбулук боюнча айыптоолорду четке кагып, Гераванд эсин жоготкон деп ырастоодо. Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги окуя болгон станциядагы камера тарткан видеону көрсөттү. Анда Гераванд менен эки досу поездге киргенин, андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда алып чыгышканын көрүүгө болот. Поездде эмне болгону тууралуу видео жок.

Өткөн жылдын сентябрында Иранда студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Ошондон кийин бул өлкөдө ири нааразылык акциялар тутанган. Адеп-ахлак полициясы он айдай кыз-келиндердин хиджабын текшерүүнү токтотуп койгон. Бирок быйыл июлдан тарта хиджаб кийүү эрежесин текшерүү кайрадан жанданган.

Сүрөттө: Армита Гераванд. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты