Инанды жана башка түрк жарандарына берилген паспорт боюнча сот өкүмү чыкты

  • 1 месяц мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин аппарат жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы катчысы Эрнис Апилов Түркиянын 10 жаранына, анын ичинен Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүү ишинде акталды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-мартта чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы) “Коррупция” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен шек саналган Бусурманкул Табалдиев анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталды.

Коррупцияга айыпталган Фарид Ниязов менен Эрнис Апиловго да ушундай эле жүйө менен актоо өкүмү чыкты.

Бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбев да буга чейин акталган.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын Жогорку Соту Орхан Инандыны “куралдуу террордук уюмду башкаруу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 2023-жылы июнь айында 21 жылга эркинен ажыраткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты