УКМК: Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтер үчүн мыйзамсыз акча опузалоо схемасы аныкталды
- 1 месяц мурун
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана ортомчулук кызматты аркалаган жарандардын ичинен чет өлкөлүк жарандардан Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документ берүүдө акча опузалаган топ аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын жарандары М.Д.М., А.Э.А., М.З.А. жана С.к.С. чет өлкөлүк жарандар менен байланыш түзүп, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча өз кызматтарын сунуштап, бул үчүн 10 миң АКШ долларын талап кылышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын которуу учурунда аталган адамдар кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камалды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.




Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы