Акыйкатчы институту стационардык мекемеде жашаган улгайган алты кишиге паспорт алууга көмөктөштү

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин “Үмүт үйү” улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн социалдык-стационардык мекемесинде документи жок жашап жаткан 6 киши жана шаар  тургуну паспорт алды.

Институттун кызматкерлери “Үмүт үйү” социалдык мекемесине мониторинг жүргүзүп, ал жерде жашап жаткан 10 адамдын паспорту жок экенин аныкташкан. Социалдык мекеменин жетекчилигинин айтымында ал адамдардын паспорт алуу процесси создуктурулуп, андан кийин такыр токтоп калган. Анткени алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу акт кагазы жок же калкты каттоо кызматынын базасына катталган эмес, айрымдары 1974-жылкы советтик үлгүдөгү паспорттор менен жүргөн.

Алар документи жок болгондуктан, пенсия, майыптыгы тууралуу жөлөк пул жана мамлекет тарабынан кепилденген башка социалдык жеңилдиктерди ала алышкан эмес.

Акыйкатчы институту  “Кызмат”  мамлекеттик мекемесине бул жарандарга өзгөчө тартипте паспорт берүү жана документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат жолдогон.
Акыйкатчынын көмөгү менен алты адам паспорт алып, дагы төртөөнүн документтерин калыбына келтирүү иш-аракеттери жүрүп жатат.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, идентификация иштери жүрүп жатканына байланыштуу документтерди калыбына келтирүүгө кошумча убакыт талап кылынат.

Ошону менен катары эле, институт Бишкектин жашоочусу Т.Мга да паспорт алууга көмөктөштү.

2024-жылы Акыйкатчы институтунун кызматкерлери өлкө боюнча 11 социалдык мекемеге барып, анда жашаган карыялардын, майыптыгы бар жарандардын жана психоневрологиялык оорулары бар адамдардын абалы менен таанышкан. 150 кишинин тек-жайын тастыктаган документтери жок экени аныкталган.

2024-жылы алардын ичинен 30дан ашуун жарандын документтери калыбына келтирилген.
Мындан тышкары, институт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдардын укуктарынын сакталышын да дайыма көзөмөлдөйт.

2024-жылы мындай мониторингдин алкагында 742 соттолгон жарандын паспорту жок экени белгилүү болгон.

Биргелешкен иш-аракеттердин негизинде алардын ичинен соттолгон жаран 631 жаран паспорт алган.
Өткөн жылы жалпы жонунан жарандык алуу, паспорт жана күбөлүк берүү маселелери боюнча Акыйкатчы институтуна 99 кайрылуу түшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты