Орхан Инанды окуясынан кийин чет элдиктерге берилген паспорттордун мыйзамдуулугу текшерилүүдө

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлиги чет элдиктерге Кыргыз Республикасынын паспортунун берилишинин мыйзамдуулугун текшерет.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Түркиянын жараны Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID-паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталды. Учурда паспорттордун мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарга берилген Кыргыз Республикасынын паспортунун мыйзамдуулугун текшерүүдө ”, — деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Министрлик белгилегендей, алар чет өлкөлүк жарандарга, мурда соттолгон жана издөөдө жүргөн адамдарга, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мыйзамсыз паспорт берүү менен байланышкан коррупция, шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларын бир нече жолу аныкташкан.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 8-июлда журналисттерге берген маалымат жыйынында Орхан Инандынын кыргыз паспорту менен кошо Түркиянын паспортун кошо колдонуп жүргөнүн, эгер ал Кыргызстанда болсо, биздин мыйзамдар менен жоопко тартылмак экенин айткан.

2021-жылы, 5-июль күнү Президент Режеп Тайип Эрдоган ФЕТОнун Борбордук Азия боюнча жооптуу адамы Орхан Инанды колго түшүрүлүп, Түркияга алынып келингенин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты