Иликтөөчү журналист Темиров уулунун күбөлүгүн соттор жана тергөөчү бербей жатканын билдирди

  • 2 месяца мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн соттор жана тергөөчү бербей жатканын Фейсбук баракчасына жазды.   

“Соттор жана тергөөчү уулумдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бербейбиз деп чечишкен окшойт. Күбөлүк мыйзамсыз алынган десек, аны жакын туугандары алып кете алат дешет. (Мага Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган, Махабат болсо СИЗОдо).  

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Өткөн жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишкен.

Сүрөттө: Болот Темиров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты