Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды

  • 4 недели мурун

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) тергөөчүсү О.А.Ж. тарабынан акча каражатын опузалоого шектүү катары кармады.

Ал алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана аны издөөдөн чыгаруу үчүн 25 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 17-апрелдеги токтому менен О.А.Ж .бир ай мөөнөткө камакка алынды.

Тергөө иштери улантылууда.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты