УКМК Жалал-Абад ОИИБ башчысынын орун басарын пара алууга шектүү катары кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысынын орун басары К.К.И.ни жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж.ны пара алууга шектүү катары кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2 миң АКШ долларын талап кылышкан. Кармоо ИИБ имаратында 170 миң сом алып жаткан учурда жүргүзүлгөндүгү айтылат.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты