Кемин райондук ИИБ кызматкери кармалды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин  (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге Чүй облусунун Кемин райондук ИИБ кызматкерин кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 1992-жылы туулган Б.М.Б. Тергөө кызматын  жетектеп жатып, жашы жете элек кыздын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган өзгөчө оор кылмышты (шектүүлөр Н.Э., С.Б., К.Ө.) тергөө учурунда, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары аталган жарандардын бардыгынын тиешеси бар экенин далилдеп турганына карабастан, алардын экөөнү (С.Б., К.Ө.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишин кыскарткан.

Б.М.Б. мыйзамсыз чечими боюнча жашы жете элек баланы С.Б. жана К.Ө.нүн пайдасына атайылап жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Б.М.Б. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мындан тышкары УКМКнын тергөө органдары тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары да тергелип, тиешеси барлар кылмыш жоопкерчилигине тартылары айтылат.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты