Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)

Бүгүн, 22-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соттук процесси уланууда. Бүгүнкү сот отурумунда Болот Темировдун иши боюнча өкүм чыгат. Ал эми айыптоочу тарап 5 жыл камоону сураган.

Учурда Болот Темировдун жактоочулары өз сөзүн айтты.

Сот процессинин алдында анын жактоочулары митингге чыкты. Сот жүрүп жаткан кезде да алар «Болот Темировго-боштондук!» деп ураан чакырып, эшикте турушат. Сотко келгендер залга батпай калды.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн сот өз өкүмүн чыгарат (Видео)

Сүрөттөр: Социалдык тармактардан.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 21-сентябрда өткөн процессте иликтөөчү журналист Болот Темировго айыптоочу тарап беш жыл абакка кесүү жазасын сураган.

«ПолитКлиника» медиасы сот процессинен түз алып көрсөтүүдө.

Болот Темиров мурдагы сот процессинде жарыш сөзгө чыкканда, укук коргоо органдары тарабынан өзүнүн жана команда мүчөлөрүнүн кармалышы, кармоо учурундагы мыйзамсыздык, укук бузуу тууралуу айтып берди. Темировдун айтымында, укук коргоо кызматкерлери тарабынан анын кармалышынын негизги себеби иликтөөчү журналистти жана анын командасын дискредитациялоо экендиги тууралуу сөз козгогон. Ал паспортту жасалмалоо деген айыпты да четке кагып, өз далилдерин келтирди.  Ошондой эле кеңсени тинтүү учурунда камера, дисктердин алынышы тууралуу айтты.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп кармап, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү. 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

23-январда Болот Темиров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулган.

20-апрелде Темировго карата жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты