Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту эртең уланат
- 2 года мурун
- Видео
Бүгүн, 5-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту өттү. Соттук отурум эртең улантылмай болду.
Соттук отурумду судья Акылбек Адимов алып барууда.
Соттук отурумда Болот Темиров көрсөтмө берди. Ал укук коргоо органдары тарабынан өзүнүн жана команда мүчөлөрүнүн кармалышы, кармоо учурундагы мыйзамсыздык, укук бузуу тууралуу айтып берди. Темировдун айтымында, укук коргоо кызматкерлери тарабынан анын кармалышынын негизги себеби иликтөөчү журналистти жана анын командасын дискредитациялоо экендиги тууралуу сөз козгоду.
22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп кармап, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.
Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү .
Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.
23-январда Болот Темировду эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулган.
20-апрелде Темировго карата жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.
Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.
Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.
Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.
Сүрөттөр жана видео: «ПолитКлиника» медиасы.