ИИМ расмий делегациялардын келишине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин эскертет
- 2 недели мурун
- Баяндар
Кыргыз Республикасына расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу 30-августтан 6-сентябргна чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Бишкек шаарында айрым жол тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелет:
— «Манас» эл аралык аэропортунан жана Васильевский трактындагы каттамдарда;
— Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев проспектилеринде.
-Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет;
-Ысык-Көл облусунда да айрым автомобиль жолдорунун тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына баруучу жолдо кыймыл убактылуу чектелет.
Ички иштер министрлиги өлкөнүн тургундарынан жана конокторунан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, жол кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт. Бул жолдо жүрүү убактысынын узарышына жана унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Жарандарга жүрүү маршруттарын алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдалануу сунушталат.
Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыз кылууга түшүнүү менен мамиле жасап, көмөк көрсөтүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирет.
Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта ачылат. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.
Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ




