Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.
Бул тууралуу презиенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Ошондой эле Кытайдын төрагасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Сүрөт: Getty images.ru




