Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары катталды
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Баштапкы маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде 21 624 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
13-ноябрдан 19-ноябрга чейин, болжолдуу маалымат боюнча 21 624 жол эрежелерин Маалыматта айтылгандай, бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен: Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-902, мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -459, авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-193, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-765, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-978, авто ээнбаштык -33, белгиленген ылдамдыктан ашуу-1310 ж.б.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 041 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Сүрөт: Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы




