ИИМ: Таласта адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектүү тогуз жаран, анын ичинде милиция кызматкери кармалды

Талас шаарында жарандарга зомбулук көрсөтүү фактылары боюнча тогуз жаран, анын ичинде ички иштер органдарынын бир кызматкери кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 20-ноябрда саат 00:00 чамасында Байтик Баатыр жана Шекербек Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде А.Ш. аттуу жаранга кол салынып, сабалган. Андан соң шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөн.

Шектүүлөрдүн аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринде каралган кылмыштын белгилери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кайра квалификацияланган.

Аталган кылмышка шектелип төмөнкү жарандар армалды: 1995-жылы туулган Б. уулу А., 1995-жылы туулган М. уулу К., 1994-жылы туулган К. уулу А., 1995-жылы туулган Ж.Ч., 1995-жылы туулган Б.А., 1995-жылы туулган Д. уулу Б. жана 1995-жылы туулган М. уулу Н. Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын 17-ноябрында Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында алар С.Н. аттуу жаранды сабап, андан соң шаардын четиндеги ипподромго алып барышып, ал жерде ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган.

Окуяга тиешеси бар төрт автоунаа айып короого киргизилди

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул тогуз шектүүгө соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда. Иштин жүрүшү Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты