Ак-Ордодогу эки кишини өлтүрүүгө шектүү боюнча маалыматтар такталганын Дайырбек Орунбеков билдирди     

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамдын киши колдуу болушу боюнча президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында маалымат берди.     

“Ак-Ордо конушунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Соцсеттерде “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?”-деген пикирлер жазылып жатат. Азыр XXI кылым, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөн. Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн» деп билдирди Дайырбек Орунбеков.  

Орунбеков кылмышка шектүү боюнча маалыматтар чогултулуп, такталганын айтты.   

“Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү. Шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков дагы мурда эки жолу соттолгон экен. Уюшкан кылмыш тобунун жетекчилеринин бири, “Дөө Чынгыздын” уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Кийин, “Дөө Чынгыздын” акыркы сапарга узатуусуна дагы катышкан. Андыктан, кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, “окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар” деген талкууларга чекит коелу” деди ал.

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганы социалдык тармактарда кабарланды. Мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов ички иштер министри Улан Ниязбеков ага телефон чалып, шектүүнү кантип кармаганын айтканын Фейсбук баракчасына жазды. ИИМ шектүүнүн кармалганы боюнча расмий маалымат бере элек.

3-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде 34 жаштагы жана 36 жаштагы бир туугандарды өлтүрүү фактысы катталган.

Кылмышка шектүү көзөмөл камераларына түшүп калган жана окуя болгон жерден баш кийим (кепка) табылган.

«Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоого каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөөнүн аякташы менен жана шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка расмий маалымат берилет» деп билдирген ИИМ.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, шектүү түн ичинде жаңы конуштагы аталган үйдөн бир кишини (34 жашта) жана аялды (36 жашта) бычактап өлтүргөн. Алар бир туугандар болгону айтылууда. Ошол учурда үйдөгү дагы бир аял киши балдары менен качып чыкканга үлгүргөндүгү белгиленди. Социалдык тармактарда аялдын балдары менен качып бараткан тасмасы тараган.

Сүрөт: Шектүү. ИИМ тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты