ИИМ: Баткенде абал туруктуу  

  • 2 года мурун

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы (ИИБ) башка күч органдары менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Баткен облусунун ИИБ кызматкерлери Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун ИИБи менен биргелешкен кайгуул кызматын өтөөдө. Анда чек арага жакын Жаңы-Жер, Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык, Кулуңду,  Максат жана  Тажикстандын Согди облусунун айылдарына биргелешкен кайгуул жасалууда.

Ошондой эле Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак айылдарында кайгуул кызматын аткарышууда.  Баткен районунун Ак-Сай-Развилка, Ак-Сай-Ворух тарабында блокпосттор коюлуп, кайгуул жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда Баткен облусунда абал туруктуу.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болгон. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонгонун Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Буга чейин 11 аскер адамы жаракат алгандыгы. айтылган. Учурда жаракат алгандардын саны 13кө жеткенин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты