ИИМ Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышынын чоо-жайын түшүндүрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, билим берүү жана илим министри, Алмазбек Бейшеналиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынгандан кийин, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министрдин камакка алынышынын чоо-жайын түшүндүрдү.

ИИМдин маалыматында мындай деп айтылат:

-Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге Ата Мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек. “Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем” деп 100 миң доллар алган.
Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. “Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр” деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар  керек” деп сүйлөшүү жүргүзгөн.  
28-сентябрь күнү пара алуу учурунда Алмазбек Бейшеналиев кармалган. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110 миң АКШ долларын пара катарында алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө министр пара катары алган  37 миң 500 долларды үйүнөн алып, тергөө органдарына өткөрүп  берди. Министрдин айтымында калган сумманы коротуп койгон. Аны таап, тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды.
Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет,-деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Сотко алып келе жатканда Бейшеналиев журналисттерге буларды айтты:

-Бул пара эмес. Бир долбоорго берилген акча болчу. Кабатыр болбоңуздар, жакында баарын далилдеп берем,-деди министр.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайына эки айга камалды.
Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 30-сентябрда чыгарды.

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.
Бейшеналиевдин тарапташтары муну «чагым» деп атап жатышат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш ар тараптуу иликтенерин билдирген.
41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты