Султанбаев: президент министр Бейшеналиев кармалганынан кабардар

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар.

Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгиледи.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 28-сентябрдын кечинде Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анда «чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканы», — жазылган.

ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин белгиленген.

Бейшеналиев жана анын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Бейшеналиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында кайрадан дайындалган. Ага чейин, 2021-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Бейшеналиев экинчи ирет министр болуп турганда билим берүү тармагында реформа жүргүзүүнү убада кылган. Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директорун алмаштыруу, жогорку окуу жайларды бириктирүү сыяктуу процесстер башталган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бейшеналиев тараптан комментарий боло элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты