Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Бейшеналиевди колдоп чыгышты

  • 1 год мурун

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты.

Текст түрүндөгү кайрылуу жана аны коштогон видео мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Кайрылуу Президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына жолдонду.

Министрликтин кызматкерлери Бейшеналиевди реформачыл жетекчи катары мүнөздөп, ал билим берүү системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү жаатында ишенимдүү аракеттерди баштаганын белгилешкен.

Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну «чагым» деп атап жатышат.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты