ИИМ Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча негизги шектүү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан ИИМ Академиясынын курсанты, 1998-жылы туулган Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Э.Н. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал окуя учурунда «Тойота Ранекс» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен деген негизде башкы шектүү катары каралууда.

Бишкек ШИИБи тарабынан аталган жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, учурда шектүү У.Э.Н.нын атасы У.Н.А. аттуу жаран кармалып, бирок анын ден оолугуна байланыштуу сот аны үй камагына чыгарган.

Андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А., уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берген жана ошону менен уулу У.Э.Н.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган.

Сот адилеттигинен качуу максатын көздөп, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген негизги шектүү У.Э.Н. тергөө иш-чараларынын натыйжасында прокуратура кызматкерлери аны Бишкек шаарында кармаган.  

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө улантылып жатканы маалымдалды.

Буга чейинки маадыматта айтылгандай, 9-январда Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 24 жаштагы У.А. аттуу кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде көз жумган. Маркум ИИМ Академиясынын курсанты болгон. Бул иш боюнча шектүү катары 48 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалган.

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен деген шек менен кармалган айдоочу үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алды.

Сот бул чечим айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирди. Маалыматка ылайык, жактоочулар айыпталуучунун бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, бөйрөгүнүн өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү тууралуу медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты