ИИМ академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен деген шек менен кармалган айдоочу үй камагына чыкты

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен деген шек менен кармалган айдоочу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алды.

Сот бул чечим айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирди.

Маалыматка ылайык, жактоочулар айыпталуучунун бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, бөйрөгүнүн өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү тууралуу медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

“Бул оорулар шектүүнү же айыпталуучуну камакта кармоого жол берилбей турган оор илдеттердин өкмөттүн токтому менен бекитилген тизмесине кирет”, — деп билдирди соттун маалымат кызматы.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соттун мындай чечимине нааразычылыгын билдирип, Жогорку соттун өкүлдөрүнөн бул окуяны көзөмөлгө алууну өтүндү.

Белгилей кетсек, 9-январда Бишкектеги Жибек-Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишинен 24-жаштагы кызды машина коюп кетип, жабырлануучу кырсык болгон жерде көз жумган.

Маркум 1998-жылы туулган ИИМ академиясынын курсанты экени белгилүү болгон.

Кылмышка шектүү катары «Тойота Ранкс» автоунаасынын айдоочусу 1974-жылы туулган У.Н. кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты