Бишкекте ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

  • 1 год мурун

Бишкекте ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен деген шек менен 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январда Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн «Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 24 жаштагы У.А. аттуу кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде көз жумган. Маркум ИИМ Академиясынын курсанты болгон.

Бул иш боюнча шектүү катары 48 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты