ИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып, кармоодо курал колдонулуп, жаракатынан улам каза тапты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү, 2006-жылы туулган И.С. качуу учурунда, укук коргоо органдары кызматтык курал колдонуп, алган жаракатынан шектүү каза тапкан.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«Бүгүн, 14-октябрь күнү Чуй областынын Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. И.С. алган жаракатынан каза болгон» деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

3-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде 34 жаштагы жана 36 жаштагы бир туугандарды өлтүрүү фактысы катталган. Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге  ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам — тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган. 

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты