ИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүүнүн көрсөтмөлөрү жеринде текшерилди

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы кармалган жаран 2006-жылы туулган И.С.нын катышуусу менен кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүздү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма кызматы билдирди.  

Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин ( Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, ал жерде өзүнүн аракеттерин айтып жана кайталаган.

И. С. үйгө кандай жол менен киргендигин, ошондой эле жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын жеринде кеңири айтып берди. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

🖇️ИИМ бул тергөө амалдарын жүргүзүү шектүүнүн көрсөтмөлөрүн тактоого жана иш боюнча далилдерди бекитүүгө мүмкүндүк бергенин белгилейт. Тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам болчу көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3 – октябрында саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге  ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам — тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.

Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, ички иштер органдарына берилген.

Бул кылмыш иши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ыкчам ачуу боюнча тапшырмалар берилген. 

Милиция кызматкерлери тарабынан аймактагы видеокамералар текшерилип, ар бири дыкат карала башталган.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган. 

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. 

Сүрөт: Шектүү. ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты