ИИМ Ак-Ордодо эки адамдын өлүмүнө шектелип кармалган жаранды маркумдун жубайы тааныганын билдирди (Видео)

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда өзгөчө оор кылмыш — эки адамдын өлүмү катталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам болчу көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалып, тергөө иш- амалдары улантылууда.

Маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырганын ИИМ басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранганы да белгиленди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3 – октябрында саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге  ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам — тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.

Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, ички иштер органдарына берилген.

Бул кылмыш иши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ыкчам ачуу боюнча тапшырмалар берилген. 

Милиция кызматкерлери тарабынан аймактагы видеокамералар текшерилип, ар бири дыкат карала башталган.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган. 

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. 

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты