ИИМ Айсулуунун өлүмү боюнча маалымат тараткан жаранга кылмыш ишин козгоду
- 10 месяцев мурун
Ички иштер министрлиги тарабынан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча жалган маалымат таратты деген жаран кармалды. Өзүн Айсулуунун агасымын деп тааныштырган жаран бир нече жолу соттолгон, 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык экендиги аныкталды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан.
“Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Анын өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана катталуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган” деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча жазык кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык — пайда табуу ниетинде, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо — боюнча кылмыш иши козголду.
Ал өзү кармалганда «Хайп кармап, подписчик чогулткум келген» деп билдирген.
Нарынбек уулу Сыймык мыйзамда белгиленген тартипте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы А.К. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 27-сентябрда болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.
Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Президент Садыр Жапаров балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов билдирди.
Сүрөт: mvd.gov.kg




