Айсулуунун өлүмү: Бул фактыга байланыштуу жалган маалымат таратууга тиешеси бар жаран аныкталды  

17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча жалган маалымат таратууга тиешеси бар жаран аныкталганын жана анын аракеттерине укуктук баа берилерин Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

“Жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат” деген милиция кызматкерине карата маалымат таратуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн алкагында, жалган маалыматка тиешеси бар жаран аныкталды».

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

“Ал 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок. Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды. Учурда Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет” деп айтылат ИИМ маалыматында.

«Хайп кармап, подписчик чогулткум келген» деп билдирди кармалган жаран.

Буга чейин ИИМ тарабынан милиция кызматкерине кызматтык текшерүү дайындалганы маалымдалган. Ал кызматкер каза болгон жашы жете элек кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөргө жол берген.

«ИИМдин жетекчилиги: кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөндөн кийин милиция издөө иш-чараларына киришкендигин баса белгилейт. Ошону менен бирге айрым кызматкердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана ички иштер министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт” деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 27-сентябрь күнү саат 20:30да милиция бөлүмүнө Т.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарында жашаган курбусуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жаткандыгын билдирген.

Аталган билдирүү дароо Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

27-сентябрь күнү болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.

Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream  үлгүсүндөгү  авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде М.А.нын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылган. 

Кылмыш болгондон кийин А.К. болгон окуянын изин жашырууга аракет кылып, далил заттарды жашыруу максатында автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен, бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.К. аныкталып кармалган.

Учурда А.К. Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө улантылууда.

Ички иштер министрлиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул кылмыш иши иликтенип жаткандыгын жана жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты