Гуля Алмамбетова депутаттыкка талапкерликке арыз жазды

  • 2 года мурун

Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова Бишкек шаарынын бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз жазды.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин экс-депутат, экс вице-премьер Элвира Сурабалдиева Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз жазган.    

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Сүрөт: Гуля Алмамбетованын ФБ баракчасынан.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты