Элвира Сурабалдиева депутаттыкка талапкерликке арыз жазды
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин экс депутаты, экс вице-премьер Элвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын бир мандаттуу №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкерликке арыз жазды .
Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.
28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.