“Гавайи” эс алуу борборунун негиздөөчүсү Журат Абдуллаевдин сөөгү жерге берилди

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 20-октябрда, Токмок шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан “Гавайи” эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири Журат Абдуллаевдин сөөгү аталган шаарда жерге берилди. Журат Абдуллаев менен коштошууга 1000ге чукул адам чогулганы социалдык тармактарда маалымдалды.

Жакындарынын маалыматы боюнча, 19-октябрда 55 жаштагы Журат Абдуллаевдин кан басымы жогорулап, эсине келбей көз жумган.

Журат Турдажиевич Абдуллаев 1970-жылы 4-апрелде туулган. Ал белгилүү ишкер, иниси Кайрат Абдуллаев менен бирге сүт азыктарын жана суусундук чыгаруучу “Үмүт и Ко” компаниясын жана “Гавайи” эс алуу борборун, ошондой эле Grand Hotel Burana негиздеген, «Ак сүт компаниясынын директорлор кеңешинин курамында болгон.

2022-жылы УКМК сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси Журат Абудллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген.

Журат Абдуллаевге козголгон кылмыш иштин алкагында келип чыгышын тастыктай албаган жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашык акча каражаты, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар табылып, мамлекеттик пайдасына алынган.

2022-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айып пул төлөө каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты