«Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси мыйзамсыз курал-жарак сактоого шектелип кармалды
- 2 года мурун
Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т аттуу жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, анын үйүндө жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзгөн учурда «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат табылган.
Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран «такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени» белгиленген.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.
Шектүү УКМКга алынып келинди.
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер. Алар Токмоктогу «Гавайи» ири эс алуу жайынын кожоюндары катары белгилүү.