9 жашар баланы коюп кеткен автобус айдоочусу айдоочулук укуктан ажыратылгандыгын жашырып жүргөн

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, №34 каттамды тейлеген Zhong Tong автобусунун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан 9 жашар баланы сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам бала көз жумган.

Айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы аныкталган. Бирок 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, текшерүү учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары, сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес.

Бүгүн, 13-июлда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык автобустун катышуусунда 9 жашар баланын өмүрүн  алган жол-транспорт кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Жыйынга мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Шаар башчысы Айбек Жунушалиев жооптуу кызматкерлердин ишин сынга алып, каттамга чыгар алдында медициналык жана техникалык кароодон өткөрүү менен катар айдоочулардын күбөлүктөрүнүн жарактуулугун да үзгүлтүксүз текшерүү зарыл экенин белгиледи.

Үч күндүн ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, окуянын себептери аныкталып, күнөөлүүлөр кызматынан бошотууга чейин жоопкерчиликке тартылат. Кызматтык териштирүүнүн материалдары укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн берилет.

Бишкек шаарында 9 жаштагы баланы коюп кеткен автобус айдоочусу милициянын убактылуу жайына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 13-июлда, саат 9дар чамасында Б.Б. аттуу айдоочу  Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен 9 жашар баланы коюп кеткен. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бала алган жаракаттарынан улам чарчап калган.

Бул жол кырсыгы боюнча кылмыш  иши козголду. Тиешелүү экспертиза дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты