Ток уруп кеткен тогуз жашар бала көз жумду
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкекте көчөдө ойноп жүргөндө ток урган тогуз жашар Ибрахим Анарбеков көз жумду. Бул тууралуу социалдык тармакка баланын апасы жазды.
Буга чейин, 26-июлда, анын уулу 6-кичирайондо балдар менен ойноп жүргөндө Айтиев көчөсүндөгү соода павильонунун артындагы суу толгон бетон арыктан ток уруп кеткени тууралуу жазылган. Бир нече бала качып чыгышкан, Ибрахим качууга үлгүрбөй, ток уруп, оор абалда шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери башталган. Баштапкы маалыматтар боюнча, баланы ток уруп кеткени белгилүү болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




