Ысык-Көл облусунда 20 жаштагы жигитти ат сүйрөп кетип, кайтыш болду

Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында ат минип бара жатып кырсыкка кабылган 20 жаштагы жигит каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктады.

Буга чейин социалдык тармактарда атчан киши ээрден кулап, үзөңгүгө буту кыпчылып калганын жазышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, ат ал кишини  бир нече жүз метрге сүйрөп кеткен. Башка чабандестер жаныбарды токтотууга жетишкен.

Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучу 20 жашта жигит экенин тактады. Ал Ананьево айылындагы жергиликтүү ооруканага жеткирилген, дарыгерлер анын каза болгонун билдиришкен.

Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки иш башталганын билдирди. Окуянын жагдайларын тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты