«Гавайи» борборунун ээси Журат Абдуллаевге козголгон кылмыш иштин алкагында бюджетке 800 млн. ашык сом чегерилди

  • 2 года мурун

Журат Абдуллаеге козголгон кылмыш иштин алкагында жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашык акча каражаты, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган. Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 млн. сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында Ж.А. деп аталган киши — Токмоктогу “Гавайи” эс алуу борборунун ээсинин бири — Журат Абдуллаев экендиги белгилүү.  

УКМнын басма сөз кызматынын 13-сентябрдагы маалыматында мындай деп айтылат:

«Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда Ж.А га карата кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Ж.А. демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Ж.А.га карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна андан ары кароо үчүн өткөрүлүп берилди. 2022-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 000 сом айыппул төлөө каралды.

Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында Ж.А. келип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашык акча каражаттар, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган. Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 млн. сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди» деп жазылган маалыматта.

Буга чейин УКМК сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т. аттуу жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген

Андагы маалыматка ылайык, анын үйүндө жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзгөн учурда «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат табылган.

Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран «такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени» белгиленген.

Учурда бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатканы. шектүү УКМКга алынып келингени маалымдалган.

«Үмүт жана Ко» фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер. Алар Токмоктогу «Гавайи» ири эс алуу жайынын кожоюндары катары белгилүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты