Франциялык актриса Марина Влади узакка созулган оорудан кийин көз жумду

Франциялык актриса Марина Влади 24-сентябрда узакка созулган оорудан кийин, 88 жашында көз жумганын AFP басылмасы анын туугандарынын айтымында кабарлаган.

Актриса Марина Влади 1938-жылы Францияда туулган, орус эмигранттарынын кызы болгон. 1956-жылы Андре Мишелдин Алексанр Куприндин “Олеся” повестинин негизинде тартылган “Сыйкырчы аял” фильминде ойногондон кийин СССРге актриса катары таанылган. Ал 80ге жакын фильмде ойногон. 1963-жылы  Канн фестивалында “Учур таржымалы” ( же “Аары эне”) фильминде аялдын ролун мыкты ойногондугу үчүн байге алган.

1970-жылы Марина Влади көрүнүктүү орус ырчысы Владимир Высоцкийге турмушка чыгып, Высоцкийдин өмүрүнүн аягына чейин 10 жылдай бирге жашаган.  Высоцкий менен жашаган жылдары тууралуу ”Владимир же кесилген канат” аттуу китеп жазып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган жазуучу катары таанылган.  

Владимир Высоцкийге чейин Марина Влади эки ирет турмушка чыккан, биринчи күйөөсү актер жана режиссер Робер Оссейн болгон. Андан Игорь жана Петр аттуу балдары бар. Экинчи күйөөсү учкуч Жан Клод Бруйен, андан Владимир аттуу уулдуу болгон. Ал эми Высоцкий экөөнүн сүйүүсү он жыл жалындуу өтүп, Высоцкийдин көзү өткөнгө чейин созулган. Влади Высоцкийден балалуу болгон эмес. Андан кийин ал кайгылуу учурда жарпын жазган онколог врач Леон Шварценберг менен жашаган.      

Марина Владинин узакка созулган оорудан кийин көз жумганын Владимир Высоцкийдин уулу Никита Высоцкий айтканын ТАСС агенттиги жазды.

2012-жылы Марина Влади Россия менен Франциянын маданий байланыштарын чыңдоого кошкон салымы үчүн “Пушкин медалы” менен сыйланган.  

Сүрөттө: Марина Влади. Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты