Кыргызстан жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири болду

Кыргызстан Жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ханчжоу шаарында өткөн Дүйнөлүк V санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде 24-сентябрда билдирди.

Касымалиев Кыргызстан Кытайдын Жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча Дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин кубаттай турганын белгиледи.

«Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү Кыргызстан бул жаңы эл аралык түзүмдүн алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр» деди.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө санариптик соода маселелеринде кызыкдар тараптар менен кызматташуу үчүн бир катар багыттарды белгиледи. Ал санариптик логистиканы, санариптик төлөмдөрдү, чакан жана орто бизнес үчүн ЖИ-чечимдерин киргизүүнү, ошондой эле дата-борборлорду, технологияларды трансферттөө борборлорун биргелешип өнүктүрүүнү жана адистерди даярдоону белгиледи.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты