Орусиялык айтылуу актриса Лидия Федосеева-Шукшина көз жумду

Советтик жана россиялык актриса Лидия Федосеева-Шукшина 7-ноябрда 89 жашка караган курагында көз жумду. Бул тууралуу ЖМКда кабарланды. ТАСС анын кызы билдиргени тууралуу жазды.   

14-октябрда Федосеева-Шукшинанын адвокаты актриса ооруканага түшкөнүн билдирген.

Лидия-Федосеева-Шукшина Россиянын эл артисти, жазуучу жана режиссер Василий Шукшиндин аялы. Федосеева-Шукшина 90дон ашык фильмдерде ойногон. Айрыкча “Кызыл калина”, “Печки-лавочки”, “12 отургуч”, “Түшүңөргө да кирген эмес, “Виват, гардемариндер” ж.б. айтылуу фильмдерде ойногон.

Анын сөөгү Москва шаарына, Новодевичье көрүстөнүнө, Василий Шукшиндин жанына коюлары айтылды.   

Сүрөттө: Лидия Федосеева-Шукшина. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты