G7 өлкөлөрү Орусияны Навальныйдын өлүмүнүн себебин түшүндүрүүгө чакырды (видео)

«Чоң жети» (G7) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин (ТИМ) башчылары Орусиянын бийлигин оппозициячы Алексей Навальныйдын абактагы өлүмүнө байланышкан бардык жагдайларды толук түшүндүрүп берүүгө чакырышты.

Бул тууралуу АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Германия, Жапония жана Канаданын ТИМ башчыларынын коопсуздук боюнча эл аралык конференция өтүп жаткан Мюнхен шаарындагы жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган билдирүүдө айтылат.

ТИМ башчыларынын жолугушуусу Навальныйды эскерүү менен башталды. «Иш жүзүндө аны эркиндик идеялары жана Орусиядагы коррупцияга каршы күрөшү үчүн өлүмгө чейин жеткиришти», – деди G7’де төрагалык кылып жаткан Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни.

ТИМ башчылары орус бийлигинен Навальныйдын абактагы өлүмүнө байланышкан жагдайларды түшүндүрүп берүүдөн тышкары Орусиядагы бардык саясий туткундарды эркиндикке чыгарууну да талап кылышты.

Орусиянын бийлиги Алексей Навальный жабык мекемеде каза болгонун 16-февралда билдирген. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин лидерлери бул үчүн жоопкерчиликти орус бийлигине жана президент Владимир Путиндин жеке өзүнө жүктөп жатышат. Алардын айтымында, алгач Навальный орус бийлигинин болжолдуу буйругу менен ууландырылып, кийин Орусияга кайтып баргандан кийин оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн камакка алынган.

АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу Орусияга жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин билдиришти.

Москва Батыш өлкөлөрүнүн лидерлерин Навальныйдын өлүмүн Орусияга «асылуу» үчүн пайдаланып жатат деп айыптап, азырынча оппозиционердин өлүмүнүн себептери боюнча жыйынтык чыгарууга эрте экенин белгилөөдө.

Ишемби күнү Навальныйдын апасы менен адвокатына анын сөөгүн берүүдөн баш тартышкан. Тергөө комитети текшерүү иштери аяктаганга чейин оппозиционердин сөөгү берилбей турганын билдирди.

Азырынча Навальныйдын өлүмүнүн себептери боюнча расмий маалымат жок. Алгач Орусиянын жергиликтүү маалымат каражаттары саясатчынын каза болушуна кан тамырда уюган кан (тромб) себеп болушу ыктымал экенин жазышкан. Оппозиционердин тарапташы Иван Жданов билдиргендей, түрмөнүн кызматкери Навальныйдын апасына уулу «кокустан мүрт кетүү синдромунан» набыт болгонун айткан.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы саясатчы сейилдөөдөн келип эле өзүн жаман сезип жатканын айтып, көп өтпөй жан бергенин билдирген.

«ОВД-Инфо» укук коргоо тобунун маалыматы боюнча, эки күндүн ичинде Орусиянын 36 шаарында Алексей Навальныйды эскерүү акцияларына катышкан 401 киши кармалды Баарынан көп адам Санкт-Петербургда кармалып, 200дөй киши полиция бөлүмүнө жеткирилди.

«Медиазона» басылмасы Санкт-Петербургдагы соттордун басма сөз кызматтарына шилтеме кылып кабарлагандай, шаарда эскерүү акцияларына катышкан 42 киши бир суткадан алты суткага чейинки мөөнөттөргө камалды. Дагы тогуз адамга 15 миң рублге чейин айып пул салынды. Аларга коомдук тартипти бузуу, полиция кызматкерлерине баш ийбөө сыяктуу айыптар тагылууда.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты