Европанын беш өлкөсү Навальный ууландырылып өлтүрүлгөнү боюнча билдирүү жасады
- 3 недели мурун
Улуу Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерланддар орус оппозиционери Алексей Навальный Россиянын абагына эпибатидин деп аталган түштүк африкалык баканын уусу менен ууландырылганы тууралуу биргелешкен билдирүү таратты.
Билдирүү беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен макулдашылып, Улуу Британиянын өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.
Билдирүүдө Түштүк Африканын уулуу бакасынын эпибатидин заты Россияга табигый жол менен жетмек эместиги айтылат.
“Навальный түрмөдө каза болуп, бул Россиянын уу затты берүүгө каражаты, себеби жана мүмкүнчүлүгү болгонун билдирет” деп баса белгиленет билдирүүдө.
Билдирүү жасагандар химиялык курал колдонууга тыюу салуу уюмуна Россия химиялык куралдуу колдонбоо конвенциясын бузгандыгы тууралуу маалымат берилген.
“Биз жана саясий өнөктөштөрүбүз Россиянын жоопко тартууга бизде болгон саясий мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланабыз” деп айтылат документте.
Орусиянын Ямал-Ненец автоном округунун жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей 16-февралда №3 түзөтүү колониясында Алексей Навальныйдын каза тапканын билдирген.
Алексей Навальный орусиялык оппозициялык саясатчы, алдамчылык, экстремисттик уюм түзүү ж.б. айыптар менен айыпталган. 19 жыл кесилип, Ямал-Ненец округунун Харп кыштагында №3 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путинге жана анын тарапташтарына каршы массалык акцияларды уюштуруп келген. “Коррупция менен күрөшүү” фонду бир нече жолу Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн коррупциясы тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.
Сүрөттө: Алексей Навальный




