Садыр Жапаров “Кумтөрдө” алтын калбай калды” деп айтканынын себебин түшүндүрдү   

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигиндеги маегинде “Кумтөр” кенинде алтындын запасы дагы 40–50 жылга жетээрин билдирди. Ал эми 2020-жылы “алтын калбай калды” дегени ал кезде чет элдик компания алтынды чыгарып кетпеши үчүн жана шайлоо алдындагы кырдаалды жөнгө салуу максатын көздөгөнүн айтты.

-2020-жылы «Кумтөрдө алтын калбай калды, аны улутташтыруунун зарылдыгы деле жок» дегеним жөн гана тактика болчу. Албетте, мен үчүн ошол мезгил абдан оор учур болду. Алдыда шайлоо турат эле. Мурда «Кумтөрдү алышыбыз керек» деп түрмөгө түшүп, анан түрмөдөн чыгып шайлоого бара жатып ушул сөздү айтыш бул деген — 15-20 пайыз добушту жоготуу дегендик. Айла жок, бирок айттым.

Биринчиден, шайлоого жетпей калышым мүмкүн эле.

Экинчиден, эгер мен ошол учурда «Кумтөрдү алабыз« дегенимде анда чет өлкөлүктөр баарын ташып чыгып кетип, “Кумтөр” токтоп калмак. Баарын талкалап кетишмек. Ансыз деле алаарыбызга бир апта калганда аларга маалымат жетип калып электрондук башкаруу системасын талкалап кетишти. 2-3 айдан кийин араң кайра калыбына келтирдик. Кумтөрдү алыш сынчылар айткандай, оңой иш эмес эле. Убакыт керек болчу. Баарын өз орду менен, мыйзамдарды, процедураларды сактоо менен алышыбыз керек эле. Биз ошонун баарын тымызын алты айдын ичинде жасап бүтүп, анан акыр аягында алып койдук. Мына эми азыр элдин керегине жарап жатат. Дагы 40-50 жыл жарайт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты