Үгүт шарттарын бузган талапкерлерге айып пул салынды

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 11-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечим кабыл алды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков жана №25 шайлоо округу боюнча талапкер Төрөкан Жунусбеков шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгын аныктаган.

Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, талапкер Чыңгыз Айдарбеков тарабынан үгүт жүргүзүү шарттары бузулгандыгы аныкталган.

Ал эми № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Жунусбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу БШКга Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү билдирген. Маалыматка ылайык, Төрөкан Жунусбеков мечитте мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн.

БШК ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбековго жана  № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Төрөкан Жунусбековго 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) айып пул салуу милдетин жүктөдү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Үгүт шарттарын бузган талапкерлерге айып пул салынды

Баш сүрөттө: Чыңгыз Айдарбеков. Сүрөттө: Төрөкан Жунусбеков shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты