Эверестке чыккан экөө. Байбагышева менен Акимжановага парламент сыйлыгы берилди
- 2 недели мурун
Бүгүн, 4-июнда, Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өтүп, анда дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестке чыккан Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжановага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана ыраазычылык каты тапшырылды.
Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат берилди.
Айым депутаттар форумуна Айсулуу Мамашова, Жылдыз Садырбаева, Шарапаткан Мажитова, Лейла Лурова, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Винера Раимбачаева, Гуля Кожокулова, Гүлсүнкан Жунушалиева катышып, жылуу пикирлерин билдиришти.
11-майда Асел Байбагышева дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусуна (8848 метр) чыгып, Кыргыз Республикасынын туусун сайды. Ал 9-май күнү таң эртең менен негизги жатактан чыгып, болгону 54 саатта чокуга жетти. Асел Байбагышева быйылкы 2025-жылы Эверестке чыккан биринчи айым болду. Ошондой эле кыргыз кыздарынын арасынан Эверест чокусун багындырган биринчи айым болуп калды.
Байбагышева альпинизм менен 8 жылдан бери алектенет. Буга чейин Кыргызстандын Жеңиш, Хан Теңири, Жел-Айдар өндүү бийик чокуларына чыккан.
2025-жылдын 27-майында Непал убактысы боюнча саат 04:40та Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эверест чокусуна (8848 м) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти.
Сүрөт: kenesh.kg