Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Кырчындагы этношаарчада болду

Бүгүн, 3-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» аттуу этно-шаарчада болду.

Бул тууралуу парламент сайтында маалымат жарыяланды

Төрага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Бишкек менен Ош шаарлары тарабынан атайын тигилген ак өргөлөрдү көрүп чыкты. 

«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан ушундай этно-шаарчаны уюштуруу аркылуу дүйнө коомчулугуна өзүнүн уникалдуу маданиятын таанытып жатат. Көчмөн цивилизациясынын бай мурасын, элибиздин каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган бул көрүнүш колдоого татыктуу” деди төрага Маматалиев. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты