Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатууга барууга уруксат берилди
- 3 месяца мурун
Социалдык тармагы пикири үчүн экинен ажыратылып, тергөө камак жайына камалган Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатуу тажиясына барууга уруксат берилгенин анын жакындары кабарлашты.
Жээнтаевдин апасы 27-февралга караган түнү көз жумгандыгы жана сөөгү эртең, 28-февралда, Ысык-Көл районунун Темир айылына коюла тургандыгы кабарланды.
Эрнис Жээнтаевдин иниси Эрик Жээнтаев агасын абактан убактылуу чыгарып, апасын акыркы сапарга узатуу тажиясына катышууга уруксат берүүнү президент Садыр Жапаровго кайрылган.
Эрнис Жээнтаев, Фейсбук колдонуучу, эркин гезиттердин дизайнери социалдык тармактагы сын пикирлери үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-февралда алты жылга эркинен ажыратылган.
Фейсбук колдонуучу Жээнтаев 2015-жылы 10-ноябрда милиция тарабынан кармалып, ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык баш аламандыктарга чакырыктар жана 332-беренеси, экстремисттик материалдарды сактоо негизинде кылмыш иши козголгон.
Маалыматтарга ылайык, Эрнис Жээнтаев 1985-жылы 24-январда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин 2006-жылы аяктаган. “Ак билим” басмасында жана гезит редакцияларында дизайнер болуп иштеген. Эрнис Жээнтаев — үйдүн улуусу.
Сүрөттө: Эрнис Жээнтаев. Социалдык тармактан

Баш сүрөт: Социалдык тармактан




