Эрнис Жээнтаев соцтармактагы сын пикирлери үчүн алты жылга эркинен ажыратылды
- 3 месяца мурун
Эрнис Жээнтаев аттуу Фейсбук колдонуучу социалдык тармактагы сын пикирлери үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-февралда алты жылга эркинен ажыратылганын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.
Фейсбук колдонуучу Эрнис Жээнтаев 2015-жылы 10-ноябрда милиция тарабынан кармалып, ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык баш аламандыктарга чакырыктар жана 332-беренеси, экстремисттик материалдарды сактоо негизинде кылмыш иши козголгон.
Маалыматтарга ылайык, Эрнис Жээнтаев 1985-жылы 24-январда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин 2006-жылы аяктаган. “Ак билим” басмасында жана гезит редакцияларында дизайнер болуп иштеген.
Жээнтаев Фейсбук баракчасында өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө каршы, айыпсыз камоого каршы, өлкөдөгү ж.б. окуяларга сын пикирлерин билдирип жана башкалардын билдирүүлөрүн бөлүшүп келген.
Сүрөттө: Эрнис Жээнтаев. Социалдык тармактан




